Жаңылыктар
“Жунда” заводу ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
“Жунда” заводу ишке кирет

“Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводу 2024-жылдын 1-июнунан тарта толук кубаттуулукта ишке кирет. Экономика жана коммерция министрлиги менен ишкананын жетекчилиги биргелешип иш-аракеттердин планын иштеп чыгышты. Ага ылайык, модернизациялоо иштери 2025-жылдын аягына чейин толук бүткөрүлүшү шарт. Буга чейин эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашуулар түзүлүп, бул маселеге толугу менен чекит коюлганы белгиленген. 

Экономика министрлиги менен мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводунун жетекчилигинин ортосунда бир канча кадамдан турган иш-аракеттердин планы иштелип чыгып, кол коюлду. Ал эки тараптуу 16 иш-чараны камтыйт. Алардын негизги багыты - заводду модернизациялоо жана ишке киргизүү. 

Маалыматтарга караганда, аталган заводду кайра ишке киргизүү жана модернизациялоо үчүн Кытайдан Кыргызстанга атайын адистердин тобу келген. 2 күн мурда эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Балтадагы мунай иштеткен "Жунда" заводу эки жылдын ичинде толук ишке кирерин айткан. Анда ал орун басары Бакыт Төрөбаев жакында эле Кытайга барып, бул маселени чечип келгенин маалымдаган болчу. Анда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуулар түзүлүп, дегеле бул маселеге толугу менен чекит коюлганы белгиленген.