Жаңылыктар
Күтүүсүз текшерүү: Бишкектин кышка даярдыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Күтүүсүз текшерүү: Бишкектин кышка даярдыгы

Президенттин Администрациясынын кызматкерлери күтүүсүз текшерүүлөрдү улантууда. Буга чейин бир катар мекемелердин ишинде олуттуу кемчиликтер табылып, ага карата чара көрүлгөн. Ошол эле учурда жумушун белгиленген мөөнөттөн кечикпей аткарып, үлгү болгон мекемелер да бар.

КР Президентинин Администрациясынын көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан бул ирет Бишкек шаарынын кышка даярдыгы текшерилди.

Социалдык жайлар менен жүздөгөн көп кабаттуу турак үйлөрдүн жылуулугуна жооптуу мекеме мурда көмүр менен иштеген отканаларга газ жеткирүүдө. Калаанын 33 пайызын тейлеген “Бишкек жылуулук энерго” ишканасы мектептерди көгүлтүр от менен жылытуу маселесин чечти. Отказандары коюлган. Газдаштыруунун андан кийинки жумуштары жүрүп жатат.

Текшерүүчү тарап газга өткөрүлдү делген отканалардын бир нечесин көрүп чыгып, жасалган жумуштардын анык экенине ынанды.