Жаңылыктар
Мектепке акча чогултууга чекит коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Мектепке акча чогултууга чекит коюлду

Министрлер Кабинети мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салды. Бул боюнча тиешелүү токтом кабыл алынды. Эми айрым жетекчилер эски адатын карматып, акча жыйнаган учурлар аныкталса мыйзам алдында жоопко тартылат. 

Көптөн бери көйгөй жаратып келген мектептеги акча чогултуу маселесине чекит коюлду. Министрлер кабинети бул боюнча токтомду бекитти. Документ “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндөгү" президенттин жарлыгын ишке ашырып, окуучуларга шарт түзүү максатын көздөйт. Эми билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга жол бергендер жоопко тартылат.

Буга чейин да мектептерде акча чогултууга тыюу салуу аракети көрүлүп, андан майнап чыккан эмес. Ушул тапта Бишкекте дээрлик ар бир мектепте жана бала бакчада ата-энеден мыйзамдуу түрдө ай сайын акча алып туруучу фонддор бар. Билим уянын башчылары ата-энелер комитети, фонд, уюмдардын аркасы менен акча жыйнап, өз капчыгын толултуруп келгени эч кимге деле жашыруун болбой калган.