Жаңылыктар
Баткенде Ички иштер министрлигинин жаңы имараты ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде Ички иштер министрлигинин жаңы имараты ачылды

Президент Алмазбек Атамбаев Баткенге болгон сапарынын алкагында Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы бөлүгүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты. 

алтанатта сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы эгерде 2010-жылы милициянын формасын кийүүдөн уялышса, азыр тартип сакчыларынын аброю өсүп жатканын билдирди. 

Укук коргоо кызматкерлери үчүн турак-жайлар салынып, пенсиясы көбөйүүдө. Милицияда ар улуттун өкүлү иштеши зарыл экенин айткан мамлекет башчы, башка улуттун өкүлдөрүнө түшүнүү менен мамиле кылып, ынтымакта жашоого чакырды. 

Бүгүнкү ачылган жаңы имаратта 200 орундуу казарма жана окуу залы ошондой эле ашкана жана спорт залдары орун алган.