Жаңылыктар
Мыкты айыл өкмөттөр сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Мыкты айыл өкмөттөр сыйланды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу күнүнө карата мыкты айыл өкмөттөр сыйланды. Өкмөттүк сынактын бул жолку жеңүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

Биринчи орунду 3 миллион сом байге фонду менен Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл өкмөтү алса, экинчи орунду алыскы Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтү менен Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтү алды. 

Ал эми Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтү 3- орунга татып 1 миллион сом байгеге ээ болду. Мыкты айыл өкмөттү тандоодо алардын социалдык экономикалык абалы, инвестиция тартууга аракеттери жана жакырчылыкты жоюу багытында жасаган аракеттери каралган.