Жаңылыктар
Жети-Өгүздөгө Саруу айылында айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жети-Өгүздөгө Саруу айылында айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө

Жети-Өгүздөгө Саруу айылында айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Өнөктүктө тартип бузуулар, же кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүктөр байкала элек. Аймакта төрт шайлоо тилкеси иштеп, добуштарды кабыл алууда. 

Ал эми шайлоо тилкелерине келген добуш берүүчүлөрдүн маанайы жакшы. Саат 10.00гө карата 159 шайлоочу добуш беришти. Мындан сырткары аралыктан добуш бергендердин саны 7ге жетти. Аралыктан шайлоо ыкмасы биринчилерден болуп Саруу айыл аймагында ишке ашып жатат. 

Белгилей кетсек, 2019- жылы дагы Саруу айылдык кеңешине биринчи жолу аялдардын квотосу боюнча шайлоо жүргөн. Айта кетсек, бүгүнкү шайлоо өнөктүгүндө 41 талапкер депутат болууга ат салышып жатса, анын 13ү аялдар. Талапкерлигин көрсөтүп жаткандардын 40%ы буга чейин айылдык кеңеште депутат болуп иштегендер.