Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 км чакырымы макулдашылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 км чакырымы макулдашылды

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43 чакырымдан ашык жери боюнча макулдашты. 

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 3-октябрынан 8-октябрына чейин Баткен шаарында Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43 километр 32 метри боюнча макулдашты. 

Тараптар Тажикстанстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган тилкелер боюнча ишти улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.