Жаңылыктар
Кыргызстандын Израилдеги элчилиги билдирүү таратты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын Израилдеги элчилиги билдирүү таратты

Израилдеги соңку окуялардан улам жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырды. Элчилик Израил тарап менен байланышта жана Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугу үчүн кырдаалга мониторинг жүргүзүлүүдө. Муну менен катар кызматкерлер аталган өлкөдө жашаган кыргызстандыктар менен байланышта. Эгер зарыл болсо элчиликтин +90 5456896800 ишеним телефон номерине чалууга болот.