Адамдын жан дүйнөсүндөгү таланты, аны шыктандырган кайсы бир багытка жөндөмү болсо ийгиликке жетелейт. Эң башкысы каалоо болсо, тынымсыз аракеттин натыйжасы менен бийиктик да багынат. Жаштайынан музыка дүйнөсүнө ыктап көөдөнүндөгү ыр-күүгө болгон шыгы оргуштап турган Жанарбек Абдуразаков катардагы мугалимден баштап мектептин директору болгон жетишти. Ата-энесинин жолун жолдоп агартуучулукту аркалап, азыркыга чейин көптөгөн таланттарды уядан учурду.