Жаңылыктар
Базарда азык-түлүк эмнеге кымбат? Кышында жарык өчпөйбү?
Кыргызстан жаңылыктары
Базарда азык-түлүк эмнеге кымбат? Кышында жарык өчпөйбү?

Кычыраган кыш жакындаган сайын ага кандай даярдык көрүлдү деген суроолор арбын. Түйшөлткөн баягы эле “электр жарыгы өчпөйбү?”, “көмүр жетиштүү көлөмдөбү?”, “Токтогул суу сактагычындагы суу жетеби?” деген сымал суроолор. Өтүп бара жаткан апта Министрлер кабинети – күз-кыш айларына карата даярдыгы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 700 млн куб метрди түзөт. Кийинки жылы 1-апрелде резервуарда 7 млрд суу калат деп болжолдонуп жатыптыр. Бардык ГЭСтерде иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмү 12 млрд 300 млн кВт саат түзөт деп белгиленген. Бишкек жылуулук электр борбору 2 млрд кВт саатка чукул өндүрөт деп пландалган.