Жаңылыктар
Дыйкандар түшүмүнүн баасын чыгара албай убара болсо, фермерлер тоют кымбаттап кетти деп капа
Кыргызстан жаңылыктары
Дыйкандар түшүмүнүн баасын чыгара албай убара болсо, фермерлер тоют кымбаттап кетти деп капа

Өлкө буга чейин 9 негизги азык-түлүктүн үчөө менен гана өзүн-өзү толук камсыздай алса, азыр керектөөнү 5 түрү жабат. Адатта эт жана кант 85% камсыздалып келсе, азыр алардын көрсөткүчү 88%га жетти. Ал эми картошка керектөөдөн 90% көп жыйналууда. Бул деген сөз Кыргызстан бул продукция менен өзүн 190 пайызга камсыздайт дегенди билдирет. Алсак, калкка 650 миң тоннадан көп картошка зарыл болсо, азыр жыл сайын 1 жарым миллион тоннадай казылган.