Жаңылыктар
Бишкекте мектеп окуучулары эки күн онлайн режиминде окуйт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мектеп окуучулары эки күн онлайн режиминде окуйт

2023-жылдын 12-13-октябрында бардык мектептер жана бала бакчалар онлайн режиминде иш алып барат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, онлайн режимине өтүү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммитине байланыштуу болот.

Борбор калаанын мэриясынын билим берүү департаменти ата-энелер коомчулугун учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.