Жаңылыктар
К.Ташиев: Мындан ары берген да, алган да жазаланат
Кыргызстан жаңылыктары
К.Ташиев: Мындан ары берген да, алган да жазаланат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев, жалпы кыргызстандыктарга, ишкерлерге, чет өлкөлүк инвесторлорго крим чөйрөнүн жок болушу боюнча кайрылуу жасады. 

Атайын кызматтын төрагасы кайрылууну фейсбуктагы баракчасына жазды. "Бизнесмендер, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз. Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат. Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла.

Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз.

Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт" - деп жазылган Камчыбек Ташиевдин кайрылуусунда.