Жаңылыктар
УКМК: “Салафия” салттуу эмес диний агымынын мүчөлөрүнө карата издөө иштери жүргүзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: “Салафия” салттуу эмес диний агымынын мүчөлөрүнө карата  издөө иштери жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Салафия” салттуу эмес диний агымынын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө салттуу эмес диний агымынын активдүү мүчөлөрүнүн даректеринде сот тарабынан санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлдү.Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ок-дарылары менен ок атуучу курал, диний адабияттар, баракчалар, брошюралар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчү, флеш-карталар, компакт-дисктер жана уюлдук телефондор түрүндөгү буюм далилдери табылып алынды жана процессуалдык негизде документтештирилди.Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, табылган диний материалдар боюнча теологиялык экспертиза дайындалды.