Жаңылыктар
Камчы Көлбаев тартып алган мүлктөр ээлерине кайтарылабы?
Кыргызстан жаңылыктары
Камчы Көлбаев тартып алган мүлктөр ээлерине кайтарылабы?

Уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Камчыбек Асанбектин мыйзамсыз жол менен топтогон мүлкүнүн алдын ала эсеп боюнча жалпы баасы 1 млрд долларды түздү жана алар камакка алынды. Мындай маалыматты УКМК таратты. Күч структурасы билдиргендей бул көрсөткүч мыйзамдагы ууру аталган Камчыбек Асанбектин жана анын айланасындагылардын мыйзамсыз мүлктөрүн издөө иштеринин алгачкы гана жыйынтыктары. Эми аларга тиешелүү болгон мүлктөр бир катар чет өлкөлөрдөн да изделе баштайт.