Жаңылыктар
“Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов 2 айга камалды
Кыргызстан жаңылыктары
“Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов 2 айга камалды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-октябрдын кечинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовду 9-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. 

Эми ал эки ай боюу УКМКнын тергөө абагына болот. Салимов уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө жана ага катышууга шектелүүдө.