Жаңылыктар
УКМК: Трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
Кылмыш
УКМК: Трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Өткөрүү пунктунан акча чогултуу боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштурган кылмыштуу топ кармалды. 

Атайын кызмат билдиргендей, Экономикалык контрабанда беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кыргыз-казак чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда мыйзамсыз баюу максатында, Кыргызстандын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды. 7-октябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын эки жараны, Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандары кармалды. Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар айрым жогорку кызматтагы адамдарды жана аткаминерлерди аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.