Жаңылыктар
Кыргызстандыктар ноябрда 5 күн катары менен эс алат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктар ноябрда 5 күн катары менен эс алат

Кыргызстандыктар ноябрь айында 5 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, 7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү быйыл шейшемби жана шаршембиге туура келгендиктен, министрлер кабинети 6-ноябрь - дүйшөмбүнү 11-ноябрь -ишембиге жылдырууну бекиткен. Ошентип, кыргызстандыктар 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштейт.