Жаңылыктар
12-13-октябрда Чүй менен Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
12-13-октябрда Чүй менен Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 12-13-октябрь күндөрү унаа кыймылы үчүн мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Манас Сыдыгалиев маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, чектөөлөр 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлкекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өткөндүгүнө байланыштуу киргизилет. Алар, Манас Эл аралык аэропортнун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин, Фучик көчөсү Чүй проспектисине чейин, Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин, Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин, Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу аркылуу Кант шаарына чейин. ЖКККББ жалпы айдоочуларды мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, зарыл болбосо оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпай турууга жана жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.