Жаңылыктар
Израилде жабыркагандар арасында Кыргызстандыктар жок
Кыргызстан жаңылыктары
Израилде жабыркагандар арасында Кыргызстандыктар жок

Израилде жабыркагандара арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Израилдеги элчилигинин бул туурасындагы маалыматын таратты. 

Анда айтылгандай, колдогу маалыматтарга ылайык, Израилден ар кайсы аймагында 56 Кыргыз Республикасынын жараны бар. Элчилик Израилде жашаган мекендештер, ошондой эле Израил мамлекетинин Герцлия шаарындагы Кыргызстандын Ардактуу консулу менен дайыма байланышта. Социалдык тармактарда Израилдеги мекендештердин топторунун арасында күнү-түнү ыкчам байланыш үчүн Элчиликтин жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргызстандын Израилдеги Элчиси Руслан Казакбаевдин байланыштары таратылууда. Мындан тышкары, Элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы Элчилиги, ошондой эле Тель-Авивдеги бир катар мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыштарды түздү.

Кыргызстандын Израилдеги Элчилиги Израилде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону сунуштайт. Зарыл болгон учурда,

+90 5456896800 (Элчиликтин номери), +972 533214916 (Кыргыз Республикасынын Израилдеги Ардактуу консулу) кошумча ишеним телефондоруна күнү-түнү байланышуусун өтүнөт.