Жаңылыктар
УКМК Турсунтай Салимовго коюлган айыптар тууралуу маалымат берди
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК Турсунтай Салимовго коюлган айыптар тууралуу маалымат берди

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар деп кармаган "Мадина" базарынын ээси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимовго коюлуп жаткан айыптар тууралуу маалымат берди. 

Анда айтылгандай, 4-октябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында Камчы Асанбектин рейдерлиги менен ээ болгон мүлктү жана активдерди адалдаштырууга тиешеси бар делген кылмыштуу топтун 20 активдүү мүчөсү кармалганы айтылат. "Булардын арасында узак убакыттан бери мурунку жана учурдагы криминалдык төбөлдөр менен байланышта болуп, алардын мыйзамсыз финансылык активдерин көбөйтүүгө жардам берип, топторунун ишмердүүлүгүн колдоп келген Турсунтай Салимов да бар. Ал Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылап, жазадан кутулуу үчүн укук коргоо органдарындагы, сот системасындагы жана башка мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарын "сатып алууга" колдоо көрсөтүп турган", - деп айтылат кабарда. Мындан тышкары, УКМК Салимов Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү үчүн атайын жардам жолдоп турганын белгиледи. "Салимов "мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбекти жана анын кылмыштуу байланыштарын өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп келгени аныкталды. Кылмыш ишинин алкагында 9-октябрь күнү Салимовго айыбы угузулуп, Биринчи май райондук соту тарабынан 4-декабрга чейин камакка алуу чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта. УКМК уюшкан кылмыштуулук менен күрөш уланарын, жыйынтыгы коомчулукка айтылып турарын кошумчалады.