Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаардык кайгуул кызматы менен биргеликте борбор калаада катализаторсуз жүргөн унааларды аныктоо боюнча иштерди күчөтөт. Бул тууралуу министрлик маалымдады.
Билдирмеде айтылгандай, мындай иш-аракеттер ышты алдын алуу максатында жүргүзүлөт. Министрликтин көчмө постторунун инспекторлору газды анализдөөчү жабдыктар менен автомобилдерден чыккан зыяндуу түтүндүн көлөмүн текшеришет. Мындан тышкары, айдоочуларга милдеттүү түрдө унаада катализатор болушу керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. "Зыяндуу газ көп чыкса жеке автомобилдин ээси 7 500 сом, ал эми юридикалык жактар 23 000 сом айыпка жыгылат", — деп айтылат маалыматта.
Анда кошумчалангандай, ушул жылдын 1-мартынан баштап 425 автокөлүктөн чыккан газдын көлөмү текшерилип, алты унаага 45 миң сом көлөмүндө айып салынган. Ошондой эле транспортту эксплуатациялоодогу эреже бузган 200 айдоочуга протокол түзүлгөн, аларга салынган айып 950 000 сомду түзөт.