Айпери Медет кызы Бириккен күрөш уюмунун версиясы боюнча 76 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында маалымдалат.
Анын маалыматына ылайык, кыргызстандык айымдын эсебинде 82 миң 600 упай бар. Белгилей кетсек, жаңыланган рейтингде Медет кызы Сербияда өткөн турнирдин финалында утулуп калган азыркы дүйнөнүн чемпиону япониялык Юка Кагамини ашып өткөн.