Жаңылыктар
Нанды кымбат саткандар айыпка жыгылат
Кыргызстан жаңылыктары
Нанды кымбат саткандар айыпка жыгылат

Нанды кымбат саткандар 13 миң сомго чейин айып пулга жыгылат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматтарга таянсак, нандын баасына 90 күндүк мамлекеттик көзөмөл киргизилди. Ар бир аймакта 1-сорттогу буудай унунан жасалган дан азыктарынын дүң жана чекене бааларынын максималдуу деңгээли белгиленди. Мындай чара социалдык маанилүү азыктын баасын кармап туруу үчүн көрүлдү.