Жаңылыктар
Улуттук илимдер академиясынын алдында атомдун макети коюлду
Билим
Улуттук илимдер академиясынын алдында атомдун макети коюлду

Бүгүн Улуттук илимдер академиясынын алдында “Атомдун планетардык модели” архитектуралык композициясынын ачылышы болду. 

Илимдин символу болгон бул белги Улуттук илимдер академиясы жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын алдында жайгашкан. 

Ал Бишкек шаарынын маданий-тарыхый көрүнүшүн калыбына келтирүү максаты менен орнотулду. Конструкция Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору Канат Керезбеков, окутуучулар, студенттердин демилгеси менен тургузулду. 

Эскерте кетсек, “Атомдун планетардык модели” 1960-жылдары Фрунзе шаарына орнотулуп, 90-жылдары айрым себептер менен алынып салынган болчу.



Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118