Жаңылыктар
Өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүү келечеги
Кыргызстан жаңылыктары
Өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүү келечеги

Айыл өкмөттөрдү жергиликтүү эл шайлаганга убакыт келип калды. Бул туурасында жергиликтүү "өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүү келечеги” деп аталган илимий практикалык конференцияда айтылды. Иш-чарада мыкты айыл өкмөттөр сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Илимий практикалык конференция жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыктыларын сыйлоо менен башталды. Дипломдор ардак грамоталар менен кошо акчалай сыйлыктар берилди. Арийне акчалай берилгени да аз эмес. Мыкты айыл өкмөттөр миллион сомдук сертификаттарга ээ болушту. 

Тепе Коргон айыл өкмөтү быйылкы сынакта 3 орунду алып, бир миллион сомдук сертификатка ээ болду. Айыл өкмөт башчынын айтымында, мындай ийгиликке жетүүгө элеттин экономикасын көтөрүүгө багытталган аракеттер түрткү болду. Анан албетте айыл элинин ынтымагы, эмгекчилдиги бүгүн өкмөттүн мактоосуна татытып жатат. 

Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүлгөнүнө 25 жыл толду. Чейрек кылым аралыгында, айыл өкмөт органы калыптанды. Мындан ары эми аны бекемдөө керек. Маселен бир катар министрликтердин укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү зарыл. 

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118