Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында экопаркты түптөө аземи өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарында экопаркты түптөө аземи өттү

Бул саамалык кыргыз-орус кызматташтыгынын аймактар аралык конференциясынын алкагында ишке ашты. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөт Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышты. 

Бул “Дружба” аталышындагы эс алуу багы эки элдин достугун даңазалап, Россия тараптын каржылык колдоосу менен куруларын Жалал-Абад мэриясы билдирди. Парктын жалпы аянты 7 гектардан ашат. Бул келечекте калаадагы ири эс алуу бактарынын бири болмокчу. Курулуш иштери кийинки жылы бүтөөрү күтүлүүдө. Жалпы инвестициянын көлөмү 2 млн доллар.