Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: Кыргызстан бейиштин төрүндөй болот
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: Кыргызстан бейиштин төрүндөй болот

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө уюшкан кылмыштуу топту жок кылуу боюнча пикирин фейсбукка жазды. 

"Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калкыбыз, жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот. Демократия, сөз эркидиги мындан да өркүндөйт. Мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт. Ар бир айылдагы мен "карамын" - дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз"- деп жазды Акылбек Жапаров.

Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калкыбыз, жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот. Демократия, сөз эркидиги мындан да өркүндөйт. Мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт. Ар бир айылдагы мен "карамын" - дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз.