Жаңылыктар
Кыргыз-орус кызматташуусундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-орус кызматташуусундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр

Кыргыз-орус кызматташтыгынын аймактар аралык конференциясынын 10-мааракелик жыйыны Жалал-Абад шаарында өттү. Пленардык жыйын «Өнөр жай кооперацияларынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү» - деп аталды. 

Ага, Россия менен Кыргызстандын бардык аймактарынан бийлик органдары, бизнес-ассоциациялары, ишканалардын өкүлдөрү болуп, жалпы 600дөй адам катышты. Конференциянын алкагында жалпы суммасы 3,5 млрд долларды түзгөн 20 документке кол коюлду.