Жаңылыктар
Баткен облусунда ИИМдин атайын багыттагы полкунун жаңы мекемеси ишке берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунда ИИМдин атайын багыттагы полкунун жаңы мекемеси ишке берилди

Баткен облусунда Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун жаңы мекемеси ишке берилди. Ал жөн гана жаңы имарат эмес, жоокерлерге зарыл болгон бардык шарттары бар комплекс. 

Маселен спорт залы тир, тоскоолдуктан өтүүчү жай менен камсыздалган. Анын ачылыш аземине Президент Алмазбек Атамбаев катышты. Өлкө башчы мындан сырткары Чоң-Кара айылындагы жаңы мектептин ачылышын жасады.

Бир жарым жыл мурун бул жерде эч нерсе жок болчу. Тегерегинин баары ээнсиреген талаа эле. Эми талыкпас аракеттердин аркасы менен мына ушундай имарат турду, бул өлкө аймагындагы атайын багыттагы кызматкерлер үчүн салынган комплекстердин эң жакшысы. Машыгуучу залы, анда футбол, волейбол ойноого аянтчалары бар . 

Бардык шарттарды камтыган казарма 200 кишиге эсептелген. Жоокерлерди теориялык жактан окутууга да атайын бөлмө каралган. Буга мамлекеттин казынасынан 1 млн доллардан ашык каражат же 78 млн сом сарпталды. 

Жоокерлер мындай комплекстин курулушун көп убакыт күтүшкөн. Анүстүнө Баткен стратегиялык мааниге ээ болгон аймак, андыктан күч түзүмүнүн кызматкерлерине мында өзгөчө көңүл бөлүү зарыл.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118