Жаңылыктар
Бишкекте КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын кеңешинин отуруму башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын кеңешинин отуруму башталды

Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму башталды.

Отурумда КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери 13-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот.