Жаңылыктар
Тимур Файзиев 9-декабрга чейин камалды
Кыргызстан жаңылыктары
Тимур Файзиев 9-декабрга чейин камалды

Бишкекте кармалган Элит Хаус курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун басма сөз кызматы билдиришкендей, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 2023-жылдын 11-октябрындагы токтому менен Файзиевге карата Бишкектеги СИЗО-1 тергөө абагында кармоо менен 2023-жылдын 9-декабрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Буга чейин 10-октябрда Бишкекте Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалганын агенттикке укук коргоо органдарындагы булактар билдирген.