Жаңылыктар
Кыргызстандыктардын көпчүлүгү референдумга барууну каалайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктардын көпчүлүгү референдумга барууну каалайт

Кыргызстандыктардын дээрлик жарымынан көбү референдумга барууну каалайт. 

«Коалиция жана жарандык коом» уюму атайын сурамжылоо жүргүзүп, референдумга барасызбы? - деген суроого жооп издеген.

Ага ылайык, сурамжылоого катышкандардын 60 пайызы 11-декабрда боло турган референдумга катышаарын билдирген. 22 пайызы барбайм десе, 18 пайызы азырынча бир чечимге келе электигин айткан. Референдумга барабыз дегендердин көпчүлүгү жаш курагы улгайгандар. 

Ал эми жаштардын 44 пайызы шайлоого катышабыз деп билдирген. Мындай сурамжылоого 35 жаштан 54 жашка чейинки жарандар катышкан. Аймактар боюнча алганда Талас, Ош жана Баткен облустарынын жарандары активдүүлүгүн көрсөткөн.