Жаңылыктар
УКМК: Салык кызматынын кызматкери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Салык кызматынын кызматкери кармалды

Салык кызматынын кызматкери ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды. Атайын кызмат билдиргендей, 11-октябрда соттун санкциясы менен атайын тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары боюнча жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын атайын салык режими башкармалыгынын башкы инспектору кармалды, ишкерлерди электрондук төлөм системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүүгө үндөп, ортомчулук кылган жарандын кылмыштуу көмөгү менен ар кандай салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү коркунучу менен чакан жана орто бизнесмендерден акча каражаттарын системалуу түрдө көмүскө чогултууну уюштурган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө инспектор менен ортомчулук кылган жаран да УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети фискалдык органдар тарабынан ишкердик ишмердүүлүккө мыйзамсыз тоскоолдуктардын ар кандай фактыларын түзүүгө жол берилбестигин жана ошондой эле инвестициялык климатты жана сергек бизнес чөйрөсүн бузуучу фактылар аныкталса, колдонуудагы мыйзамдардын чегинде катуу чаралар көрүлөөрүн эскертет.