Жаңылыктар
Бишкекте Президент Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Президент Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди, килемчелер төшөлдү.

Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашты, Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров жана Владимир Путин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды, андан кийин Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.