Жаңылыктар
Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди
Кыргызстан жаңылыктары
Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасына келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Сапардын алкагында Президент Ильхам Алиев үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.