Жаңылыктар
Мыйзамсыз акча чогулткан мектептер арбыды
Коррупция
Мыйзамсыз акча чогулткан мектептер арбыды

Кыргызстандын орто мектептеринде жана лицей-гимназияларда ата-энелерден мыйзамсыз акча чогулуту токтобой келет. 

Буга Борбор калаадагы №61-мектеп-лицейиндеги мугалимдер күнүнө деп кир жуугуч машинеге акча чогулткан учур эле күбө экендигин Жогорку Кеңештин жыйынында депутаты Тазабек Икрамов айтып чыкты. 

Ал эми калаадагы ар бир окуучу ай сайын мектептин фондуна 500 сомдон милдеттүү түрдө берет. 

Аны 1000 окуучуга көбөйткөндө 500 миң сом чогуларын адистер айтат.

Мыйзам боюнча эч качан окуучулардан акча чогултулбайт. Мектепке керектелүүчү башка каражаттар, демөөрчүлөрдүн, ишкерлердин жардамы менен же мектепти бүтүрүп кеткен колунда бар жарандардан белек катары алынуусуна гана жол берилет.


Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"