Жаңылыктар
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасына келди
Кыргызстан жаңылыктары

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди“Манас” эл аралык аэропортунан Түркмөнстандын Президентин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.Белгилей кетсек, Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.