Жаңылыктар
Жаштар мамлекеттин келечеги
Кыргызстан жаңылыктары
Жаштар мамлекеттин келечеги

Жаштардын мамлекетке жана коомго пайда алып келиши үчүн алардын билим деңгээлин,потенциалын жогорулатуу зарылчылыгы турат. 

Бул маселелерди жөнгө салуу үчүн алардын көйгөйлөрүн угуп анан туура багыт берүү керек дешет эксперттер.

Ошондуктан Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жаштардын проблемаларын азайтуу багыттында атайын жаштар жумалыгын уюштурган. 

Анда жогорку билимдүү жаштардын жумушсуздук проблемасы козголгон. 

Кыргызстанда 28 жашка чейинки жаш муундун өкүлдөрү 31% түзөт. Андыктан аларды түрдүү экстремисттик көз караштагы диний агымдардын өкүлдөрү жана ар кандай саясий күчтөр колдонууга аракет кылышат. Бирок  өзүнүн мамлекетин сүйгөн ар бир  жаш патриот акыл ээсин болгон күчүн өлкөнүн өнүгүүсү үчүн туура багыттка буруп пайдаланышы зарыл дешет эксперттер.  

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"