Жаңылыктар
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди
Кыргызстан жаңылыктары
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасына келди.“Манас” эл аралык аэропортунан Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Президенти Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.