Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну 37 жаштагы Мовлянхандын 2 баш ийри мүйүздүү малы жана Анипанын 1 баш ийри мүйүздүү малы Паскы-Арык айылында чек ара тилкесинде оттоп жүрүп, Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Чорку айылына 2023-жылдын 7-октябрь күнү кирип кеткен.
Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 12-октябрь күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 2 баш бодо мал кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарын