Жаңылыктар
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргыз Республикасына келди.“Манас” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын Президентин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.