Жаңылыктар
Нарында карышкыр окуучу балага тиш салды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында карышкыр окуучу балага тиш салды

Нарында карышкыр окуучу балага тиш салганы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

8-ноябрда Кочкор районундагы  Ак-Жар айылынын  4-классынын окуучусун  сарайдын айланасында ойноп жүргөн жеринен карышкыр тиштеген. 

Балага тиш салган жырткычты атасы ошол жерде атып өлтүргөн. Атып өлтүрүлгөн карышкырдын өлүгүн райондук Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан республикалык лабораторияга текшерүү үчүн жиберилген. 

Жыйынтыгы чыгарыла элек. Жабыркаган бала азыркы учурда райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылып, дарыланууда.