Жаңылыктар
Россия Кыргызстандын күйүүчү майга болгон керектөөсүн толук камсыздайт
Кыргызстан жаңылыктары
Россия Кыргызстандын күйүүчү майга болгон керектөөсүн толук камсыздайт

Россия Кыргызстанга жөнөтүлүүчү бензиндин жана дизелдик майдын көлөмү быйылкы жылдын жыйынтыгы менен былтыркы жылдагыдай болорун 12-октябрда Бишкекте орус президенти Владимир Путин билдирди. Эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын эң маанилүү багыттарынын бири энергетика экенин, Орусия Кыргызстанга мунай продукциясын жөнөтүүчү негизги өлкө болуп эсептелерин белгилеген Путин орус тарап кыргызстандык керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын толук жаап келатканын кошумчалады.

“Былтыр 1,2 миллион тонна экспорттодук, быйылкы жылдын жыйынтыгы менен да ушундай эле көрсөткүч болот. Жеңилдетилген шартта – ташып чыгаруу алымын албастан сатып жатканыбыз республика үчүн да, экономикалык операторлор үчүн да түз экономикалык натыйжасын берүүдө” - деди Владимир Путин.