Жаңылыктар
Судьялар кеңеши айрым сотторду кызматынан бошотуу сунушун кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Судьялар кеңеши айрым сотторду кызматынан бошотуу сунушун кабыл алды

Судьялар кеңеши жети сотту кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун президентке жиберди. Тиешелүү чечимде кеңеш 12-октябрдагы отурумунда тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, кабыл алды. 

Кызматынан бошотуу боюнча сунуш берилген соттор Байзаков, Жамангулов, Алгожоев, Алыбаев, Токтомаматов, Сарыбаев жана Мойдунов. Ошондой эле Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Калиевага, Кара-Суу райондук сотунун судьясы Иманбеков, Чүй облустук сотунун судьялары Горшковская, Кожобекова, Масабирова жана Нарын шаардык сотунун төрагасы Осмоновго карата тартиптик жаза берүү сунушу канааттандырылды.

Алты судьяга карата төрт сунуш боюнча баш тартылып, бир даттанууну кароо кийинки отурумга калтырылды. Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу төрт жана тартиптик жаза берүү тууралуу бир сунушту Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков киргизген. Эскерте кетсек, буга чейин Замирбек Базарбеков Судьялар кеңешине фемида кызматкерлерине карата рекорддук сандагы сунуштарды киргизгени маалымдалган. 2022-жылдан үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин төрага тарабынан 28 судьяга карата 19 сунуш жөнөтүлгөн.