Ордо калаада өткөн КМШ өлкө башчыларынын саммитин 8 өлкөдөн келген 400гө жакын журналист чагылдырды. Алар үчүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында атайын пресс-борбор уюштурулду.
Чет өлкөлүк журналисттер баса белгилегендей, КМШ саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында жогорку деңгээлде уюштурулган. Бул өлкөнүн эл аралык аренадагы ордун дагы бир ирээт тастыктайт.