Жаңылыктар
Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4700 сомдон сатылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4700 сомдон сатылууда

Энергетика министрлиги Бишкекте жарандарга көмүрдүн бир тоннасы 4700 сомдон сатылып жатканын 13-октябрда билдирди. “Кыргызкөмүр” ишканасы Ден Сяопин 306Б дарегинде көмүр сатуу пунктун уюштурганы, учурда ал жерде 800 тонна көмүр бар. 

Мекеме билдиргендей, учурда Бишкек жылуулук борборун жана калкты көмүр менен камсыз кылуу графиктин алкагында жүрүп жатат. 

"Жакында оор жүк ташуучу автоунаалар менен көмүр ташылып келип, Мурманская 126, Алыкулов 6 б, Курманжан Датка-Айланма жолдун кесилиште, Ылдыйкы Ала-Арча айылы Курманалиева көчөсүндө 4700 сомдон сатылып баштайт" деп айтылат маалыматта.