Жаңылыктар
"Камбар-Ата-2" ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдыктар уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Камбар-Ата-2" ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдыктар уланууда

"Камбар-Ата-2" ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдыктар уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, "Электр станциялары" ишканасы 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин токтоосуз аткарууда. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө "Камбар-Ата-2" ГЭСинде бир катар жумуштар аткарылды. 3 электр кыймылдаткычтарынын капиталдык оңдоо иштери аягына чыкты. Автотранспорттук бөлүмүнүн 4 унаасын оңдоо иштери бүткөрүлдү. Ал ГЭСтин - 85 км аралыкка кызматкерлерди ташууда, унаалар менен болгон жумуштарды үзгүлтүксүз аткарууда, алардын иштөө ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жасалды. Айланыштары бар шиналар системасы техникалык тейлөөдөн өтүп, ишке киргизилди. 

Ал эми учурда жылдык график боюнча төмөндөгү оңдоо иштери жүргүзүлүп, Гидроагрегат ГА-1де техникалык тейлөө, оңдоп-түзөө иштери болуп жатат. Анын натыйжасында ГЭСтин күз-кыш мезгилинде зарыл болгон ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

Ал ортодо суу сактагычты тазалоо иштери жүргүлүүдө. Алсак, бул иштер күз-кыш мегилинде сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат. Белгилей кетсек, жылдык план боюнча ГЭСтеги оңдоп-түзөө иштери бул жылдын ноябрь айына барып бүткөрүлөт.