Жаңылыктар
Кыргызстан сегиз айдын ичинде 8 тонна 717,4 килограмм алтын экспорттоду
Экономика
Кыргызстан сегиз айдын ичинде 8 тонна 717,4 килограмм алтын экспорттоду

Ушул жылдын январь айынан августтун соңуна чейин Кыргызстан 8 тонна 717,4 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу көрсөткүчтөр Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Анда белгиленгендей, жалпы суммасы 545,2 миллион долларды түзгөн.

Эң көп алтын экспорттолгон мамлекет - Швейцария. Ал 7 тонна 151,3 килограмм алтынды сатып алган. Гонконгго — 983,3 килограмм, БАЭге — 582,7 килограмм алтын экспорттолгон. 

2022-жылдын тиешелүү мезгилине карата өлкө чет мамлекеттерге 65,4 килограмм алтын саткан, ал эми өткөн жылдын жыйынтыгы менен ал 290,5 килограммды түзгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында алтын экспорттолгон эмес, сатуу март айында башталган.