Кыргыз улуттук телерадиоберүү корпорациясы Нарындагы Борбордук Азия университети менен кызматташат. Бул туурасында аталган мекеменин башкы директору Болотбек Тиллебаевдин Нарын облусуна болгон иш сапарында маалым болду.
Улуттук телерадио корпорациясы буга чейин да өлкөбүздүн алдыңкы окуу жайлары менен кызматташууну күчөтүп келет.